Конкурс

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө Жобого ылайык кафедра башчыларынын бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

Эл аралык мамилелер жана укук кафедрасы;
Дүйнөлүк экономика жана эл аралык менеджмент кафедрасы;
Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасы.
Жалпы квалификациялык талаптар:

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана билим берүү мекемелеринин билим берүү, илимий жана илимий-изилдөө иштерин жөнгө салуучу жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү башка ченемдик укуктук актыларды билүүсү;
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Кесиптик билим деңгээли:

Илимдин кандидаты/доктору окумуштуулук даражасы;
Профили боюнча жогорку кесиптик билим берүү.
Иш стажы жана тажрыйбасы:

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

Документтерди кабыл алуу үчүн ректордун атына жазылган жеке арыз;
Резюме (электрондук почта, байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен (моб., кызматтык телефон));
Список научных публикаций;
Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
Нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
Окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
Паспорттун көчүрмөсү.
Документтердин түп нускалары конкурска келгенде көрсөтүлөт. Документтер тез арада даярдалып, жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 36, 2-кабат, кабинет 202, телефон (0312) 622748. PDF форматындагы документтер көрсөтүлгөн мөөнөттө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: dipacademy@mfa.gov.kg.

Эскертүү: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган адамдардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.

KG