HWCA долбоорунун алкагында Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында компьютердик класстын ачылыш аземи болуп өттү.

02-04-2024
05 Comments 33K Views

HWCA долбоорунун алкагында (Борбордук Азияда климатка туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн суу секторунда жогорку билим берүүнү бекемдөө) Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында компьютердик класстын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чараны Дипломатиялык академиянын ректору Акылбек Кылычев жана Эразмус+ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору Гүлнара Исаева ачышты.

Ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Казак-Герман университетинин өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Андан соң «Дүйнөлүк экономика жана эл аралык менеджмент» кафедрасынын башчысы, профессор Гүлдана Алыбаеванын «Суу ресурстарын башкаруу» багыты боюнча магистратуранын окуу планын түзүү жана докторанттардын иштери» деген темада баяндамасы угулду. жана аспиранттардын суу дипломатиясы деген темада баяндамалары угулду.

 

KG