Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Молдоканович Кулубаевдин Дипломатиялык академиянын эмгек жамааты менен жолугушуусу

01-04-2024
05 Comments 33K Views

29-март 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Молдоканович Кулубаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эмгек жамааты менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Дипакадемиянын жамаатына кадрларды даярдоого жана Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын өнүгүү тарыхын сактоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал дипломатиялык иш боюнча практикалык тажрыйбаны жаш муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн учурдагы маселелерин, дипломатиялык билим берүүнүн алдында турган чакырыктарды карап чыкты, ошондой эле заманбап талаптарга ылайык кадрларды даярдоо процессин жакшыртуу боюнча мүмкүн болгон кадамдарды белгиледи. Атап айтканда, эл аралык адистерди даярдоо жаатындагы заманбап тренддерге, ошондой эле Академиянын КР ТИМ эл аралык кырдаалдын жана регионалдык коопсуздуктун эң актуалдуу проблемалары боюнча ишмердигин илимий-изилдөө, талдоо жана эксперттик коштоодогу ролуна байланыштуу маанилүү аспекттер көтөрүлдү.

Министр Ж. Кулубаев эл аралык кырдаал курчуп бараткан шартта Дипакадемия аткарып жаткан функциянын маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи. Тышкы саясий чакырыктар барган сайын татаал жана көп кырдуу болуп бара жаткан азыркы дүйнөнүн шартында, жогорку кесиптик деңгээлге ээ, тилдерди билген жана заманбап эл аралык тенденцияларды терең түшүнгөн даярдалган кадрлардын ролу улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылууда негизге айланууда.

Министр ТИМдин Дипломатиялык Академия менен мындан ары да ийгиликтүү кызматташуусуна терең ишеним билдирип, ведомстволук билим берүү мекемесин колдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз сөзүнөн кийин Жээнбек Молдоканович Дипломатиялык академиянын кызматкерлеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди жана учурдагы чакырыктарды терең түшүнгөндүгүн жана билим берүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана кадрлардын кесиптик өсүшүн күчөтүү аркылуу Дипломатиялык академиянын аларды чечүүгө стратегиялык багытталгандыгын көрсөттү. 

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Министр мындай жолугушуулар өз ара пикир алмашуу үчүн гана мүмкүнчүлүк болбостон, эл аралык аренада Кыргызстандын кызыкчылыгын натыйжалуу көрсөтө алган дипломатиялык персоналды сапаттуу даярдоону камсыздоодогу маанилүү этап болуп саналарын баса белгиледи.

KG