"Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасы

Кафедра эл аралык мамилелер жана укук жаатында бакалавриаттан баштап PhD чейинки бардык деңгээлдеги окутуу программаларын ишке ашырат.

Кафедра дүйнөлүк саясаттагы жана эл аралык укуктагы актуалдуу маселелерге арналган эл аралык илимий конференцияларды, тегерек столдорду жана эксперттик талкууларды уюштурат. Студенттер илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын үзгүлтүксүз презентациялап турушат.

Адистерди даярдоодо тилди окутуу өзгөчө орунду ээлейт. Студенттер негизги окутуу тилинен тышкары, заманбап дипломатиялык практикада талап кылынган чет тилдерин, анын ичинде француз, немис, кытай жана араб тилдерин үйрөнүшөт. Бул кесиптик ийкемдүүлүктү жаратат жана эл аралык иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Кафедра төмөнкү программаларды ишке ашырат: 

Бакалавриат
  • "Эл аралык мамилелер" багыты
    "Дипломатиялык жана консулдук кызмат” профили
Магистратура
  • "Эл аралык мамилелер" багыты
    "Эл аралык мамилелердин аймактык системасындагы суу дипломатиясы" профили
  • "Юриспруденция" багыты
    "Эл аралык укук", "Эл аралык суу жана экологиялык укук" профили
Аспирантура
  • Багыты "Эл аралык мамилелердин, глобалдык жана аймактык өнүгүүнүн саясий көйгөйлөрү»
  • Багыты "Эл аралык мамилелер жана тышкы саясаттын тарыхы»
PhD
  • Багыты "Эл аралык мамилелер"
  • Багыты Юриспруденция