Дипломатиялык академиянын окумуштуулар кеңеши
Окумуштуулар кеңеши — Академиянын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктаган жана билим берүү, илимий жана уюштуруу ишинин негизги маселелери боюнча чечимдерди кабыл алган жогорку коллегиялуу башкаруу органы.
Кеңештин курамына КР ТИМ өкүлдөрү, Академиянын жетекчилиги, кафедра башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана студенттик сенаттын өкүлдөрү кирет.
Окумуштуулар кеңеши төмөнкү маселелерди карайт жана чечимдерди кабыл алат:
- билим берүү программаларын ачуу жана жабуу
- окуу программаларын жана билим берүү стандарттарын бекитүү
- Академиянын стратегиялык жана келечектүү өнүгүүсү
- окуу, илимий жана методикалык иштердин сапатын көзөмөлдөө
- эл аралык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү
- кадр саясаты жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу
- кызматкерлерди жана бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга, ошондой эле ардактуу наамдар, анын ичинде "Ардактуу профессор" наамы
Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү
