Жаштардын радикализм, экстремизм жоруктарын жана кылмыштарды жасоосун алдын алуу.

20-03-2024
05 Comments 33K Views

2024-жылдын14- мартында жаштардын радикализм, экстремизм жоруктарын жана кылмыштарды жасоосун алдын алуу боюнча “Жаштар жана коопсуздук” деген аталышта бир айлык акциясынын негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери Турусбеков Раатбек Убайдилдаевич катышуусу менен конок лекция өтүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө экстремизмдин жайылышынын тамыры жана факторлору талкууланып, бул көрүнүштүн алдын алуу боюнча укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Жаштар бул чакырыктарга каршы күрөшүүдө кандай негизги ролду ойной аларына жана алар дени сак коомдун өнүгүшүнө кандай таасир эте аларына өзгөчө басым жасалды.
Турусбеков Раатбек Убайдилдаевичтин лекциясы Дипломатиялык академиянын студенттеринин арасында кеңири пикирге ээ болду. Анын ачык-айкын жана шыктандыруучу идеялары студенттерге экстремизм жана мыйзамсыз миграциянын татаал маселелерин, ошондой эле алардын коомдун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуудагы ролун жакшыраак түшүнүүгө жардам берди.

KG