2024 ж. 12-14-июнга чейин К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинде Европа Erasmus+ долбоорунун 01082829-DEFA-ERASMUS-EDU-2022-CHE

14-06-2024
05 Comments 33K Views

2024 ж. 12-14-июнга чейин К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинде Европа Erasmus+ долбоорунун 01082829-DEFA-ERASMUS-EDU-2022-CHE "Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү" (DEFA) алкагында семинар өткөрүлдү. Консорциумдун бардык мүчөлөрү, 3 европалык жана 10 кыргызстандык университеттерден турган катышуучулар, баалуу тажрыйба жана идеялар менен бөлүшүштү.
КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын атынан семинарга окуу жана эл аралык иштер боюнча проректор проф. Байтүгөлова Ж. жана окуу-методикалык бөлүмүнүн башчысы Дюшенова Н. катышты.
Мыкты уюштуруу жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн Ыссык-Көл мамлекеттик университетине ыраазычылык билдиребиз. Биргелешип, Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн жогорку стандарттарына жана жаркын келечегине карай жылып жатабыз!

KG