Нурматов Темирбек Асанович

КР ТИМ ДА "Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасынын доцентинин м.а.

Юридикалык илимдердин доктору

 

Өмүр баяны:

Нурматов Темирбек Асанович КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын "Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасынын доценти

Ал юридикалык илимдердин доктору (2025), юридикалык илимдердин кандидаты (2010) жана "Укук таануу" адистиги боюнча доцент илимий наамына ээ (2014). Кыргызстан Эл аралык Университетинин "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча (бакалавр жана магистр), ошондой эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юриспруденция боюнча магистр даражасына ээ.

Темирбек Асановичтин кесиптик ишмердүүлүгү окутуучулук, илимий-изилдөө жана мамлекеттик кызматты айкалыштырат. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу соттордк окутуу борборунда, Жогорку Кеңеште жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында иштеген.

Эки окуу китебинин, "Эл аралык укук" курсу боюнча бир катар окуу куралдарынын жана 55тен ашык илимий макалалардын автору.

Ал 3-класстагы Юстиция кеңешчиси чининин ээси.

Окутуучу дисциплиналар:

  • Эл аралык укук
  • ЕАЭС укугу
  • Мамлекет жана укук теориясы
  • Эл аралык гуманитардык укук
  • Эл аралык укук системасындагы дипломатиялык жана консулдук укук
  • Миграцияны эл аралык-укуктук жөнгө салуу