2025-жылдын 15–16-майында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде Erasmus+ GREENKG: “Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн Жашыл жана Санарип Университеттер” долбоорунун алкагында “Улуттук GDU тармагын түзүү: максаттар жана аларды ишке ашыруунун жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Долбоорнун координатору болгон К.Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы бул иш-чарага активдүү катышты.
Конференция Кыргызстандагы алдыңкы университеттердин өкүлдөрүн, ошондой эле Германия жана Литва мамлекеттердин өнөктөштөрдү бириктирди. Иш-чаранын катышуучулары:
Конференциянын кульминациясы Жашыл жана Санарип Университеттердин улуттук тармагынын модели менен Иш-аракеттер планынын бир добуштан кабыл алынышы болду. Бул документтер өлкөнүн жогорку билим берүү системасында туруктуу жана санариптик өзгөрүүлөрдүн негизин түзүүдө.
Ошондой эле катышуучулар ОшМУнун заманбап санарип чечимдери менен таанышышты: электрондук панелдер, жүз таануу технологиясы, робототехникалык лабораториялар, спутниктик анализ борбору ж.б.
Өзгөчө көңүл студенттердин туруктуу өнүгүүгө кошкон салымына бурулду. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти жана студенттик сенаттын өкүлү жаштардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу темасында баяндама жасады. Жыйынтыгында өнөктөштөр студенттик сенаттардын улуттук тармагын түзүү чечимин кабыл алышты. Бул тармак GREENKG долбоорунун алкагында иш алып барат жана студенттердин жашыл жана санариптик трансформацияга активдүү катышуусуна шарт түзөт.
Конференция Кыргызстандагы илимий жана академиялык чөйрө үчүн маанилүү окуя болуп, жогорку деңгээлде уюштурулуп, баалуу тажрыйба алмашууга жана стратегиялык пландарды биргелешип иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.
GREENKG долбоору, Дипломатиялык академиянын жетекчилиги алдында, ийгиликтүү ишке ашырылып гана тим болбостон, өлкөнүн жогорку билим берүү мейкиндигинде сапаттуу өзгөрүүлөргө түрткү берүүдө. Улуттук GDU тармагы жана студенттик тармак системалуу жана туруктуу трансформациянын пайдубалына айланууда.