Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган эл аралык юбилейлик конференция: Өзгөчө учурлар жана маанилүү корутундулар.

15-03-2024
05 Comments 33K Views

         

           2024-жылдын 14-мартында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс-холлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган Эл аралык юбилейлик конференция болуп өттү. Иш-чара КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы тарабынан биргеликте дипломатиялык кызматтын ардагерлеринин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, чакырылган коноктордун жана Дипломатиялык академиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

           Конференцияны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Кылычев Акылбек Мукаевич жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Исаев Асеин Кусеинович ачышты.

           Конференциянын коноктору жана катышуучулары дипломатиялык кызматтын ардагерлеринен: Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жумагулов Апас Жумагулович, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз ССРинин экс-Тышкы иштер министри, «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук уюмунун төрайымы Туменбаева Жаңыл Туменбаевна, ошондой эле дипломатиялык корпустун Дуайени, Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Страчко Андрей Сергеевич тарабынан жылуу куттуктоо сөздөрүн кабыл алышты. 

           Иш-чараны Дипломатиялык академиянын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Карпекович Курманов жана Кыргыз Республикасынын элчиси, профессор Ирина Абдыевна Оролбаева алып барышып, алардын компетенттүү жетекчилиги астында ар түрдүү темалардын кеңири спектри, алардын ичинде дипломатиянын тарыхы, тынчтыкта жанаша жашоо, глобалдык коопсуздук жана эл аралык экономикалык кызматташтык жаатындагы актуалдуу маселелер натыйжалуу жана жемиштүү талкууланды.

           Конференциянын чегинде Кыргыз Республикасынын Атайын  жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, профессор Болжурова Ишенгул Садыковна, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору, профессор Курманов Зайнидин Карпекович, КР ТИМ ДАнын профессору Абдурашитов Акасбeк, Усупов Марат Макаевич – Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, “Кыргызстандын дипломаттары” бейөкмөт уюмунун Башкармалыгынын мүчөсү, Юн Сергей Миронович – Томск мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси, дүйнөлүк саясат кафедрасынын башчысы, Осмонбетов Эдил Кубатович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти баш болгон белгилүү дипломаттар жана эксперттер сөз сүйлөштү.

           Участники выразили высокую оценку организации и уровню проведения конференции, подчеркнув ее значимость для дальнейшего развития дипломатического сообщества и укрепления международных связей.

KG