
Джоробекова Айнур Эшимбековна
КР ТИМ ДА "Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасынын башчысы
Профессор, саясий илимдердин доктору
e-mail: [email protected]
Өмүр баяны
Джоробекова Айнур Эшимбековна КР ТИМ К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын "Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасынын башчысы. Саясий илимдер боюнча докторлук даражага ээ.
Анын окутуу жана изилдөө жаатындагы жалпы тажрыйбасы 30 жылдан ашат. Бул убакыттын ичинде ал эл аралык мамилелер, дүйнөлүк саясат, тарых жана геосаясат жаатында бир катар адистерди жана изилдөөчүлөрдү даярдап, ошондой эле кандидаттык жана докторлук диссертациялардын корголушун жетектеген.
Профессор Джоробекова 5 окуу китебинин, 1 монографиянын жана 60тан ашык илимий макалалардын автору. Анын изилдөө кызыкчылыктарына дүйнөлүк тартиптин калыптанышынын цивилизациялык негиздери, аймактык интеграциялык процесстер, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык мамилелердеги ролу жана орду кирет. Анын докторлук диссертациясынын темасы Евразия жана Борбордук Азия интеграциясынын айкалышына арналган.
Джоробекова Айнур Эшимбековна эксперттик жана административдик ишмердүүлүктө кеңири тажрыйбага ээ. Ал бир нече жолу өлкөнүн алдыңкы университеттеринин (анын ичинде Кыргыз-Орус Славян университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, Ж. Баласагын атындагы КУУнун жана башкалардын) лицензиялоо жана мамлекеттик сертификациялоо боюнча мамлекеттик комиссияларынын төрайымы жана мүчөсү болуп иштеген.
Сыйлыктары
Билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана эл аралык мамилелер жана дипломатия жаатында адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Дипломатиялык академиянын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Окутуучу дисциплиналар:
— Эл аралык мамилелердин тарыхы жана теориясы
— Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк саясат боюнча изилдөөлөрдүн тарыхы жана методологиясы
— Эл аралык мамилелердин жана дүйнөлүк саясаттын заманбап көйгөйлөрү
— Геосаясат
— Кыргызстандын тарыхы
