
Оролбаева Ирина Абдыевна
"Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасынын профессорунун м.а.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Оролбаева Ирина Абдыевна Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын "Эл аралык мамилелер жана укук" кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу. Ирина Абдыевнанын кесиптик карьерасы илимий, дипломатиялык жана мамлекеттик кызматты айкалыштырат.
Ирина Абдыевна Кыргыз Республикасынын атынан чет өлкөлөрдө Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде улук кеңешчи болуп иштеген (1999-2002), ал эми 2006-2013-жылдары Делиде резиденциясы менен Индия Республикасындагы, Бангладештеги жана Шри-Ланкадагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын ээлеген. Кийинчерээк ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментин жетектеген жана ШКУнун атайын тапшырмалар боюнча элчиси жана улуттук координатору болуп иштеген. Ошондой эле, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында социалдык өнүгүү жана тышкы байланыштар боюнча эксперт болуп иштеген.
Окутуучу дисциплиналар:
- Заманбап эл аралык мамилелер системасындагы Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концептуалдык негиздери
- Кыргыз Республикасынын азыркы тышкы саясаты
