2025-жылдын 5-апрелинде “Туруктуу мамлекеттик сатып алуулар” темасында онлайн-тренинг өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн “Жашыл жана санарип университеттер” GREENKG долбоорунун алкагында уюштурулду. Иш-чараны К.Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы жана Capacity Building Consulting Group биргелешип өткөрүштү.
Иш-чаранын спикери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин талдоо секторунун башчысы, CBC Group консультанты — Айсулуу Осмонкулова болду.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар боюнча негизги маалыматтар жана бул чөйрөдөгү туруктуулуктун негизги принциптери менен таанышышты.
Тренингге Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 28 өкүлү жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Бул тренинг мамлекеттик башкаруу жана билим берүү тармагында жашыл практикаларды жайылтууда маанилүү кадам болду.