HWCA жана GREENKG долбоорлорунун жумушчу тобунун жыйыны

26-09-2024
05 Comments 33K Views

2024-жылдын 25-сентябрында Дипломатиялык академиясынын конференц-залында HWCA жана GREENKG долбоорлорунун жумушчу тобунун жыйыны өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоорлордун жетишкендиктерин талкуулап, жайкы убакытта долбоорлордун алкагында уюштурулган окуу сапарлары боюнча отчетторун беришти.

 

GREENKG долбоору боюнча:

Жаңы идеялар жана биздин академияда жашыл практикаларды ишке киргизүү боюнча сунуштарга өзгөчө көңүл бурулду. Жумушчу топтун мүчөлөрү экологиялык таза технологияларды натыйжалуу колдонууга жана билим берүү мекемебиздин туруктуулугун жакшыртууга жардам бере турган тажрыйба жана сунуштар менен бөлүшүштү.

 

Долбоордун координатору Байтуголова Ж. долбоордун иштелип жаткан концепциясы менен бөлүштү. Керимбекова Р. жана Максат А. Вильнюс университетине болгон сапары тууралуу маалымат берип, алынган тажрыйба жана долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамдары тууралуу айтып беришти. Жолочубеков Н. академиянын ичиндеги ишти санариптештирүү үчүн эксперименттик веб-сайтты сунуштады. Талкуунун жүрүшүндө суроолор жана жооптор болуп, ар бир катышуучу өз пикирлерин билдирип, талкууну өз идеялары менен толукташты.

 

HWCA долбоору боюнча:

Профессорлор Байтуголова Ж., Абалова Н., Тен А. жана Шакирова К. Делфт жана Ташкентте өткөрүлгөн тренингтер тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү. Алардын презентациялары долбоордун алкагында пайдалуу боло турган бай тажрыйбаны жана алынган билимдерди көрсөттү.

 

Ошондой эле, профессорлор Джоробекова А. жана Аламанов С. менен биргеликте өткөн талкууда жаңы ачылган "Суу дипломатиясы" багыты үчүн иштелип чыккан окуу программасы каралды. Катышуучулар жакшыртылган окуу программасын жана Борбордук Азия жана Европа Биримдигиндеги өнөктөш университеттер менен биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

 

2024-жылдын 26-сентябрында HWCA жана GREENKG долбоорлорунун координатору Байтүгөлова Ж. Дипломатия академиясынын илимий кеңешинде КР ТИМ алдындагы ДА ректоруна жана илимий кеңештин 15 мүчөсүнө долбоорлордун жыйынтыктары тууралуу отчет берди.

 

KG