КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын эң мыкты студенттери үчүн профессор Гүлмира Мамбеталиева атындагы стипендия
3- жана 4- курстун 4 студенттери профессор Гүлмира Мамбеталиева атындагы стипендияга ээ болушту. Стипендияларды Аскар Салымбеков ыйгарды. Стипендия студенттердин академиялык, изилдөө жана коомдук маанилүү ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында түзүлгөн. Ошондой эле, ал студенттердин өлкөнүн, шаардын, университеттин жана мектептин пайдасы үчүн жеке сапаттарын өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.




