2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында «Билим күнүнө» карата салтанаттуу тегерек стол болуп өттү. 

01-09-2023
05 Comments 33K Views

Бул салтанаттуу иш-чарага Дипломатиялык академиянын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында Дипломатиялык академиянын Ректору профессор А. Кылычев куттуктоо сөзүн сүйлөп,  профессордук-окутуучулук курамды  жана студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, студенттерге терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин белгилеп, татыктуу билим алуу менен мамлекетке өз салымын кошууга чакырды. Ошону менен бирге Дипломатиялык академиянынын профессордук-окутуучулук курамы терең тажрыйбалуу, билимдүү инсандардан турарын жана бул тажрыйбаларды үйрөнүүдөн талыкпай окуп, аракет кылуу керек экендигин белгилеп өттү.

Кеченин алкагында Дипломатиялык академиянын проректору З.Курманов, КРнын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев, Окуу бөлүмүнүн башчысы Н.Дюшенова, “Эл аралык жана укук” кафедрасынын башчысы А.Джоробекова, экономика илимдеринин доктору А.Абдурашитов жана башкалар куттуктоо сөздөрүн сүйлөп өтүштү.

KG