2023-жылдын 6-7-декабрында Европалык биримдиктин Эразмус+ программасынын алкагында DEFA: «Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү» долбоорунун семинарлары Ош мамлекеттик университетинде болуп өттү.

08-12-2023
05 Comments 33K Views

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын окуу жана эл аралык иштер боюнча проректору Ж. А. Байтүгөлова, “Дүйнөлүк Экономика жана эл аралык бизнес” кафедрасынын башчысы Г. Ж. Алыбаева, Илимий метрика башкы адиси К.К. Шакирова жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Ч. Осмонова аталган иш чарага катышып келишти.

Семинардын жүрүшүндө долбоордун жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнө DEFAнын улуттук координатору Нурлан Омуров жана ата мекендик жана чет элдик өнөктөш университеттер тарабынан жоопчеттор берилип, талдоого алынды. Заманбап окуу усулдарын жана бизнес оюндарын колдонуу менен Европанын алдыңкы тажрыйбалары менен тааныштыруу ирээтинде Италиянын UNIFI университенинин профессору Елена Гори жана CESIEден Катерина Импастато Германиянын Отто Фон Герике университетинин профессорлору Филип Поленц жана Мирко Штекель:

  • “World Café жыйынтыктары: күтүүлөр, көрүнүштөр жана келечектеги аракеттер”;
  • “Иш планды иштеп чыгуу, коммуникация, каржылоо жана анын механизмдери менен алектенүү”;
  • Университеттердеги каржылык эркиндигинин моделин түзүү жана аны өнүктүрүүнүн стратегиясы;
  • Кадрларды тандоодогу ачык-айкындуулук принциптерин колдонуу;
  • Туруктуу өнүгүү темаларын ачыктап беришти.

Окутуу усулдук иштер менен катар ОшМУнун бай материалдык техникалык базасы менен тааныштыруу жүрүп: Ак Буура кампусундагы “Ден соолук кербени” жана студенттик бейтапкана, заманбап медициналык жабдуулар, медицина факультети үчүн практика өтөй турган лабораторияларды көрүп, окутуу жана үйрөнүүгө керектүү мыкты чөйрө түзүмү бар экенине ынандык. ОшМУнун жаштар бизнес паркындагы студенттик стартаптардын ар түрдүүлүгү жана жаратмандыгы да көздүн жоосун алып, Европадан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген конокторду кубандырды.

Жолугушуунун аягында DEFA проектинин башкаруу кеңеши чогулуп долбоордун алкагындагы жоопчетторду кабыл алып, ишти жакшыртуу маселелерин талдап, мындан аркы жумуштар пландады.

ОшМУнун иш билги, кесипкөй адистерине, жаратман студенттерине жаркын келечек жана албан ийгиликтерди каалоо менен бирге, улуттук колоритте уюштурулган иш чараларын да жайылтып, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын алды болуп иш барып жатканына чексиз кубанычтабыз!

            Европа биримдигине, Улуттук Эразмус кеңсесине, DEFA долбоорунун улуттук координаторлору Кыргыз техникалык университетинин жана семинарды өз базасында өткөргөн Ош мамлекеттик университетинин кесипкөй жамаатына, чет өлкөлүк жана ата мекендик университеттерибизге, өнөктөштөрүбүзгө алкыш айтабыз!

#Erasmus+ #KSTU

KG