ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ТАЛДОО БОРБОРУ (ЭМТБ)

Иманалиев Муратбек Сансызбаевич,
Борбордун директору, СССРдин биринчи класстагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси.
Борбордун ишинин негизги максаты дүйнөдөгү, Евразия жана Борбордук Азия регионундагызаманбап тышкы саясий процесстерге ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана колдонмо мүнөздөгү узак мөөнөттүү болжолдуу сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
Иштин негизги милдеттери
- тышкы саясат жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча КР ТИМдин жана башка мамлекеттик органдардын ишмердигине илимий-изилдөө жана талдоо колдоо көрсөтүүнү камсыздоо;
- тышкы саясаттын жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча илимий-изилдөө жана аналитикалык иштерге мамлекеттик жана мамлекеттик эмес заказдардын тутумун киргизүү;
- тышкы саясаттын жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча Дипломатиялык академиянын жана ата мекендик адистердин изилдөө потенциалын күчөтүү;
- КР ТИМ заказдары боюнча, Дипломатиялык академиянын илимий жана тематикалык пландары боюнча максаттуу изилдөөлөрдү уюштуруу;
- илимий-изилдөө ишмердиги жана дипломатиялык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты уюштуруу.
Ишмердүүлүктүн багыттары
- азыркы эл аралык кырдаалды жана процесстерди, азыркы чакырыктарды жана коркунучтарды изилдөө жана талдоо боюнча ишти уюштуруу, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери боюнча талдоо материалдарды даярдоо;
- тышкы саясаттын жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү, талдоо иштерди жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- негизги глобалдык, региондук көйгөйлөр жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий позициясын жайылтуу;
- КР ТИМ менен макулдашуу боюнча тышкы саясаттын жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча КР ТИМ кызматкерлеринин жана башка мамлекеттик органдардын, окумуштуулардын, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ар кандай тематикалык жана интерактивдүү иш-чараларды (тегерек столдор, конок лекциялар, конференциялар, жолугушуулар ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү;
- тышкы саясаттын жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий конференциялардын, тегерек столдордун жана семинарлардын материалдарын даярдоо жана басып чыгаруу.