Президенттик стипендия

"Бизнести башкаруу" багыты боюнча үчүнчү курстун студенти Мээрим Токочева президенттик стипендияга ээ болду. Ал окуу жана коомдук жашоодогу жетишкендиктери үчүн КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген өлкөдөгү эң мыкты 70 студенттин бири болгон. Өзүнүн билиминин жана тырышчаактыгынын аркасында Мээрим Токочева мыкты студент гана болбостон, академиянын коомдук жашоосуна да активдүү катышат.