Эл аралык кызматташтык жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмү( ЭКжКЖБ)
маселелердин жана милдеттердин кеңири комплекси менен алектенет:
- КР ТИМ Дипломатиялык Академиясынын чет өлкөлүк ЖОЖдор жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча;
- КР ТИМнин, эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө иштеген министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлеринин, КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын окутуучуларынын жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча
- эл аралык кызматташтык программаларын түзүү, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү, чет өлкөлүк университеттер жана илимий уюмдар менен өз ара аракеттенүү, эл аралык ассоциацияларга катышуу;
- КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын Эл аралык илимий ишмердүүлүк, ПОЖтун академиялык мобилдүүлүгү, студенттер жана илимий кызматкерлер жаатындагы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдерине жана макулдашууларына мониторинг жүргүзүү;
- эл аралык академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын академиялык беделин жогорулатуу;
- кош диплом, академиялык алмашуу жана стажировка программаларын ишке ашыруу;
- КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын бөлүмдөрүнө чет өлкөлүк гранттарды алууда жана контракттарды түзүүдө көмөк көрсөтүү;
- КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын кызматкерлерине КРнын чегинен тышкары кызматтык иш сапарлары үчүн визаларды тариздөө, документтердин топтомун чогултуу;
- чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуу, эл аралык конференцияларды, көргөзмөлөрдү, форумдарды, илимий-изилдөө долбоорлорун уюштуруу жана аларга катышуу;
- квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүнү уюштуруу;
- квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгү жөнүндө сертификаттарды даярдоо жана тапшыруу;
- бөлүмдүн иши жөнүндө маалыматтык, маалымдама, статистикалык жана отчеттук материалдарды жогору турган органдарга даярдоо.
КР ТИМ Дипломатиялык академиясы 45 чет өлкөлүк университеттер менен кызматташат.
КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы өз ишмердигин докторлук билим берүүнү жана Кыргызстандын академиялык чөйрөлөрүнүн илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүү боюнча Erasmus + программасынын (DERECKA); "Суу дипломаты"магистрдик программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча долбоордун алкагында активдүү жүргүзүүдө.
Квалификацияны жогорулатуу
Багыттар боюнча курстардын программалары:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жана эл аралык байланыштары
- Дүйнөлүк саясаттагы ислам фактору
- Эл аралык конфликттер жана аларды жөнгө салуу жолдору
- Эл аралык уюмдар
- Эл аралык мамилелер жана маалыматтык коопсуздук
- Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк саясат
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктары
- Эл аралык мамилелердеги диний фактор
- Дипломатиялык кызматтагы маалыматтык технологиялар
- Чет өлкөдө иштөөгө комплекстүү даярдык
- Экономикалык дипломатия
- Кыргыз тилинде иштиктүү кат алышуу жана иш кагаздарын жүргүзүү
- Ишкердик кат. Расмий кат алышуу
- Ишкердик протокол, этикет жана байланыш
- Дипломатиялык протокол жана эл аралык ишкердик этикет
- Эл алдында сүйлөө искусствосу
- Эл аралык ишкердик байланыш көндүмдөрү
- Чечендик жана риторика
- Сүйлөшүү процессинин негиздери: эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр
- Сүйлөшүүлөр, келишимдерди, макулдашууларды, контракттарды түзүү
- Эл аралык укук
- Эл аралык укук боюнча Венеция комиссиясынын талаптары
- Адам ресурстарын башкаруу механизмдери
- Дүйнөлүк экономика жана эл аралык экономикалык мамилелер
- Инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу
- Эл аралык долбоорлорду башкаруу
- Санариптик экономика
- Кыргыз тили
- Кытай тили
- Англис тили
- Орус тили
- Араб тили
- Француз тили
- Немис тили