КР ТИМ К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын аспирантурасы

Аспирантура - жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү системасында академиялык жана илимий кызматкерлерди даярдоонун негизги формасы. Бул программа академиялык квалификацияны жогорулатууга жана илимдин кандидаты даражасын алуу үчүн диссертацияларды коргоого талапкерлерди даярдоого багытталган.

Окутуу багыттары (адистиктер)

Окутуу төмөнкү адистик шифрлары боюнча жүргүзүлөт:

  • 23.00.04 - Эл аралык мамилелердин, глобалдык жана аймактык өнүгүүнүн саясий көйгөйлөрү
  • 07.00.15 - Эл аралык мамилелер жана тышкы саясаттын тарыхы

Жалпы маалымат

  • Квалификациялык талаптар: жогорку кесиптик билим берүү (магистр же адис) жөнүндө дипломдун бар болуусу.
  • Окуу формасы: күндүзгү.
  • Окуу мөөнөтү: 3 жыл.