Урматтуу жана ардактуу Айымдар! Сиздерди 8-март Эл аралык айымдардын куну менен чын дилибизден куттуктайбыз!

08-03-2024
05 Comments 33K Views

Урматтуу жана ардактуу Айымдар! Сиздерди 8-март Эл аралык айымдардын куну менен чын дилибизден куттуктайбыз! Эзелтеден элибиздин асылкеч айымдарын жаз мезгилине салыштырганы бекеринен эмес. Ак элечек апалар, жарык мандай омурлук жарлар, жайдары кыз-келиндер жашообузду корктондуруп, жылуулукту,сулуулукту тартуулап турары айдан ачык.Кыргызстаныбыздын экономикасынын өнүгүшүнө, келечекте татыктуу муунду тарбиялоого жана элибиздин улуттук наркы менен баалуулуктарын сактай билүүдө аялзатынын эмгеги эбегейсиз зор. Барга да, жокко да түтүмдүү жана көтөрүмдүү аялзаты бар үчүн дүйнө тең салмакта турат десек жанылышпайбыз. Ардактуу апалар, эже — карындаштар жана асылкеч замандаштар! Баарыңыздарга чың ден соолук, жарык маанай, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат өмүр сүрүүнү каалайбыз! Жадыраган жаз майрамы куттуу болсун! Урматтоо менен, Дипломатиялык академиянын жалпы жамааты.

RU