Урматтуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиянын студенттери, окутуучулук-профессордук жана административдик курамы!

23-09-2023
05 Comments 33K Views

Дипломатиялык Академиянын жетекчилиги сиздерди мамлекеттик тил майрамы менен куттуктайт!

23 — сентябрь Кыргыз Республикасы Мамлекеттик тил күнүн белгилөөдө. Мындан туура 34 жыл мурун 1989 — жылы 23 — сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына ылайык кыргыз тили “мамлекеттик тил” статусуна ээ болгон.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилишинин өзү – эне тилибиздин жана улуттук дилибиздин маанилүүлүгүнө басым жасап, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, улуттук тамырларыбызга маани берүүгө, элибизге эне тилин мыкты өздөштүрүүсүнө багытталат.

Сиздерди мамлекеттик тил майрамы менен куттуктоо менен бирге, Кыргыз тилинде адабияттарды окууга, сөздүктөрдү түзүүгө, изилдөө иштерин жүргүзүп тилибизди байытууга чакырабыз! Дагы бир жолу майрамыбыз кут болсун! Ийгиликтер коштосун!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Ректору, профессор А.Кылычев.

RU