Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023 –жылдын 9-июнунда КР ТИМ Дипломатиялык академиясында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовго жана анын атасы- көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкүл Айтматовго арналган Маараке конференциясы өттү.

Иш чаранын модератору Кыргыз Республикасынын ТИМ Дипломатиялык академиясынын проректору т.и.д., профессор Зайнидин Курманов болду.

Конференциянын катышуучуларына саламдашуу сөздөрү менен КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору, э.и.д., профессор Чинара Адамкулова жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев кайрылышты.

Чыңгыз Төрөкуловичтин жазуучу, коомдук ишмер, дипломат катары ишмердиги тууралуу баяндамалары менен туугандары жана шериктери чыгып сүйлөштү: анын карындашы- Роза Төрөкуловна Айтматова, КР АЫУЭ Сааданбеков Жумагул Сааданбекович, “Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрайымы Тюменбаева Жаңыл Тюменбаевна, Кипрдин Кыргыз Респуликасындагы ардактуу консулу Юлдашев Александр Кадырович.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин, Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү: Чыңгыз Айдарбеков, КР ЖК депутаты; Гандилов Латиф Сейфаддин оглы, Азерабайджан Республикасынын КРдагы АЫУЭ; Шандор Дороги, Венгриянын КРдагы АЫУЭ; Габриэла Геллил, Германия Федеративдүү Республикасынын КРдагы АЫУЭ; Арун Кумар Чаттержи, Индия Республикасынын КРдагы АЫУЭ; Ли Вондже, Корея Республикасынын КР дагы АЫУЭ; Ганхуяг Содном, Монголиянын КРдагы АЫУЭ; Николай Николаевич Удовиченко, Россия Федерациясынын КРдагы АЫУЭ; Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Сауд Аравиясынын КРдагы АЫУЭ; Назирмад Ализода, Таджикистан Республикасынын КРдагы АЫУЭ; Шадурды Овезнепесович Мередов, КРдагы Түркмөнстан АЫУЭ; Хуршид Мирсабирович Мирзахидов, Өзбекстан Республикасынын КРдагы АЫУЭ; Хасан Али Зайгама, Пакистандын КРдагы АЫУЭ; Кайса Круузе, Кыргызстандагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясынын башчысы (ЭККК); Антье Кристин Граве, БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору; Шахин Хусейнов, ДССУнун регионалдык директорунун Кыргыз Республикасындагы Атайын өкүлү; Асхат Сыздыков;; Ли Баоцзе, Кытай Эл Республикасынын КРдагы элчилигинин кеңешчи-элчиси, Анна Ерохина, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчисинин кеңешчиси; Япониянын КРдагы Элчилигинин жана Франциянын КРдагы Элчилигинин өкүлдөрү.

Конференциянын катышуучуларына Чыңгыз Төрөкуловичтин уулу Элдар Айтматов акыркы сөзү менен кайрылды.

Иш –чаранын меймандары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы “Манас” Президенттик камералык оркестринин квартетинин аткаруусунда музыкалык композициялар аткарылды.

kg_KGКыргызча