Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында, ядролук сыноолорго ар тараптуу тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюмдун Аткаруучу катчысы Роберт Флойд мырзанын “Конок лекциясы” болуп өттү.

Иш-чарага КР УИАнын өкүлдөрү, КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын окутуучулары жана студенттери катышты.

Жыйындын катышуучуларына Дипломатиялык академиянын Ректору, профессор А.Кылычев жана КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, башкы илимий катчы Б.Худайбергенова куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Лекциянын жүрүшүндө белгилүү дипломат жана ядролук куралсыздануу жаатындагы эксперт Роберт Флойд мырза Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын студенттерине, окутуучуларына жана окумуштууларына өзөктүк коопсуздук жаатындагы, учурдагы чакырыктар жана перспективалар менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.

Р.Флойд мырза, куралсыздануу маселелери боюнча маанилүү эл аралык-укуктук документтерге кошулуу боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан кадамдарга жогору баа берип, глобалдык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу өзгөчө маанилүү болуп көрүнгөн учурдун актуалдуу маселелерин чечүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштин зарылдыгын баса белгиледи.

Лекциянын аягында студенттер жана окутуучулар лекциянын темасы боюнча суроолорду беришип, кызыктуу маалыматтар үчүн лекторго ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул лекция конок лекцияларынын практикасын улантып, КР ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин чоң кызыгуусун жаратты.

kg_KGКыргызча