Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 5-апрелинде КР ТИМ К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Элчилиги жана КР ТИМ К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы болушту.

Тегерек столдун модератору катары КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын проректору, т.и.д., профессор, Курманов Зайнидин Карпекович чыкты.
Иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору, э.и. д., профессор Чинара Адамкулова жана КР Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев кайрылышты.
Андан соң « Өзбекстан-Кыргызстан: ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы кырлары" темасында Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов баяндама жасады.
Негизги баяндамачынын сөзүнөн кийин ачык талкуу болду. Чыгып сүйлөштү: КР АЫУЭ, КР ТИМ ДАнын профессору Ирина Оролбаева, эл аралык эксперттер: Кубат Рахимов, Денис Бердаков, Калнур Ормушев, Эдил Осмонбетов.
Тегерек столдун катышуучулары эки өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын позитивдүү динамикасын баалашты, бардык чөйрөлөрдө Кыргыз-Өзбек өнөктөштүгүнүн азыркы деңгээлин жогорку жана конструктивдүү жана ырааттуу мүнөзгө ээ деп тааныды.
Салтанаттуу иш-чаранын ишине ошондой эле КР ТИМ, ӨР Элчилигинин өкүлдөрү, КРнын дипломатиялык кызматынын ардагерлери, эксперттик коомчулуктун, КРнын ЖОЖдорунун өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам жана Дипломатиялык академиянын кызматкерлери катышышты.

kg_KGКыргызча