Проректорду КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов тааныштырып, бул дайындоонун Дипломатиялык академиянын өнүгүшүндөгү маанисин баса белгилеп, Ж.Байтүголова өзү менен бирге бай практикалык тажрыйбаны алып келээрине ишеним билдирди жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында жемиштүү иш алып баруусун каалап өттү.
Проректор өз сөзүндө студенттердин келечеги үчүн иштөөгө жана Академиянын өнүгүшүнө салым кошууга даяр экенин билдирди.
Жыйын, жылуу куттуктоолор менен жана Дипломатиялык академиянын жаңы проректорунун, администрациясынын, окутуучуларынын жана студенттеринин жемиштүү кызматташуусуна үмүттөнүү менен аяктады.


