Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2022-жылдын 4-ноябрында КР ТИМ Дипломатиялык академиясында Казы Дикамбаевдин элесине арналган тегерек стол болуп өттү.

Дипломатиялык академиясында чогулган туугандарына, мекендештерине, окутуучуларына жана студенттерине куттуктоо сөзү менен ректор, э.и.д., профессор Адамкулова Чинара Үсенбековна кайрылды.

Тегерек столдун модератору КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын профессору Иманалиева Лидия Адамкалыевна болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө Тюменбаева Жаныл Тюменбаевна, СССРдин Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Кыргыз ССРинин экс-Тышкы иштер министри, "Кыргызстандын дипломаттары" КУнун төрагасы; Болджурова Ишенкуль Садыковна, КРнын Билим берүү жана маданият боюнча экс-министри, Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси; Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович, КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; Оролбаева Ирина Абдыевна, КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын профессору; Калиев Жакшылык Калиевич, К. Дикамбаевдин жээни; Мамбеталиев Нурлан Аскарович, К.Дикамбаевдин тууганы, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун кеңешчиси чыгып сүйлөштү.

Корутунду сөздү К.Дикамбаевдин кызы, КР Эмгек сиңирген дарыгери, КММАнын Ардактуу профессору, КРСУнун Ардактуу профессору, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Дикамбаева Марта Казыевна алды.

Жолугушуунун аягында катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү жана майрамдык чайга катышышты.

kg_KGКыргызча