Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

4-апрель 2023-жылы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын 1-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту уюштурган «Ачык эшиктер күнүнө» катышышты.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери студенттерди Конституциялык соттун иши, мамлекеттин сот тутумундагы орду жана ролу, кабыл алынган чечимдердин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышты, ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп беришти.

«Ачык эшиктер күнү» Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан студенттердин укуктук маданиятын көтөрүү, алардын сот тутумуна болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн көрсөтүү максатында өткөрүлдү.

kg_KGКыргызча