Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2022-жылдын 28-сентябрында КР ТИМ К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын бакалавр программаларынын студенттери үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси Кожоев Эрлан Саматовичтин "Кытай ЖОЖдорунун билим берүү программалары" темасында конок лекциясы болуп өттү

Лекциянын жүрүшүндө Кытай ЖОЖдорунун билим берүү программалары жөнүндө кеңири маалымат берилди, мамлекеттик программалар боюнча билим алуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү, алар европалык программалардан дээрлик кем эмес, ЖОЖдорго кабыл алуудагы жалпы талаптар саналып, Кытайдын жогорку окуу жайларында магистрдик программаларда окууну улантууну каалагандарга айрым сунуштар жана каалоолор айтылды.

Кытай боюнча маалыматтардан тышкары лектор тарабынан билим берүү программаларында жана башка чет өлкөлөрдө окутуу маселелери да козголду.

Лекциянын аягында студенттер жана окутуучулар өз суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты жана кызыктуу жана билимдүү лекция үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

kg_KGКыргызча