Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2022-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы «Сибирь-Евразия»эксперттик клубу, Томск мамлекеттик университети (РФ) жана Евразия улуттук университети (РК) менен биргеликте «Чоң Евразия өнөктөштүгү: Интеграциялык процесстердин жаштык өлчөмү» Эл аралык жаштар илимий конференциясын өткөрүштү.

Иш-чаранын модератору КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын профессорунун м.а. Андрей Тен болду.

Конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укуктар кафедрасынын башчысы, профессор Айнур Жоробекова; Томск мамлекеттик университетинин өкүлдөрү: дүйнөлүк саясат кафедрасынын башчысы Сергей Мирошников жана дүйнөлүк саясат кафедрасынын доценти Сергей Мирошников; профессор Айгерим Оспанова; РФ Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин билим берүү жана илим боюнча атташеси Роберт Федоров; РКнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы Казыбек Жукипахметов кайрылышты.

Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын илимий-эксперттик коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышты. Конференциянын катышуучу-университеттеринин жаш окумуштуулары эл аралык интеграциялык бирикмелердин ишиндеги жаштардын ролу жөнүндө өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты. Изилдөөчүлөр жаштар структураларынын жана жалпысынан жаштардын алар изилдеп жаткан интеграциялык бирикмелерди өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясындагы орду жөнүндө өз көз караштарын көрсөтүштү жана интеграциялык бирикмелердеги жаштар менен иштөөнүн эң натыйжалуу тажрыйбаларын аныкташты.

Биринчи эксперттик сессияда Томск мамлекеттик университетинин өкүлдөрү тарабынан «Европа Бирлигинин ишиндеги жаштардын ролу» жана «АСЕАНдын ишиндеги жаштардын ролу» илимий-изилдөө долбоорлору боюнча изилдөө иштеринин жыйынтыктары тааныштырылды. Экинчи сессия Евразия улуттук университетинин«ЕАЭБ ишиндеги жаштардын ролу» жана «Түрк мамлекеттеринин уюмунун ишиндеги жаштардын ролу» илимий-изилдөө долбоорлору боюнча баяндамалары-бетачарлары менен тааныштырылды. Үчүнчү эксперттик сессияда Кыргыз Республикасынын ТИМ Дипломатиялык академиясы «ЖККУ, ШКУ эл аралык уюмдарынын ишиндеги жаштардын ролу», «НАТОнун, МЕРКОСУРдун, АМЛдын ишиндеги жаштардын ролу» жана «НАФТАнын, АТЭСтин ишиндеги жаштардын ролу» долбоорлору боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын бетачарын өткөрдү.

Ар бир сессия конференцияга катышкан университеттердин эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы адистеринин активдүү эксперттик талкуусу менен коштолду.

Илимий конференциянын ишинин натыйжасы биргелешкен эл аралык жаштар изилдөө тобун түзүү болду.

Эл аралык жаштар изилдөө тобунун жыйынтыктоочу баяндамасын Томск мамлекеттик университетинин конференциясында 2023-жылдын жазында көрсөтүү пландалууда.

kg_KGКыргызча