Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 27-апрелинде "Мамилелердин абалын талдоо: Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги" илимий-изилдөө долбоорунун алкагында талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын ТИМ К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын жумушчу тобу Баткен облусуна иш сапарына кетти. Изилдөөлөр Баткен мамлекеттик университетинин колдоосу менен жүргүзүлөт.

Жумушчу топтун курамына Дипломатиялык академиянын кызматкерлери: ДжКК кафедрасынын башчысы, э.и. к., доцент Алыбаева Гульдаана Джапаркуловна; КР АЫУЭ, т. и. к. Нур Керим Кулчоро; КЭБ башчысы Джузумкулова Эльмира Тургунбековна, ошондой эле БатМУнун окуу-маалымат бөлүмүнүн башчысы, э.и. к., доцент Борубаева Гулбара Назырбековна кирди

Долбоордун алкагында 2023-жылдын 27-апрелинен баштап 29-апрелине чейин жумушчу топтун өкүлдөрү тарабынан ар кандай жолугушуулар, анкета түрүндөгү сурамжылоо, ошондой эле башка илимий-изилдөө иштери өткөрүлөт.

kg_KGКыргызча