Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 25-апрелинде КР ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун судьяларынын мейман лекциясы болуп өттү. Иш-чарада баяндамалар менен: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Айдарбекова Чинара Аскарбековна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жолдошева Лунара Чаткалбековна жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун эл аралык байланыштар жана мыйзамдарды салыштырма талдоо бөлүмүнүн улук консультанты Ибраев Мирлан Саламатович чыгып сүйлөштү

Лекциянын жүрүшүндө Конституциялык контролдоо идеясынын калыптанышынын 30 жылдык тарыхы, азыркы учурда өлкөдө бул уюмдун өнүгүү жана өркүндөтүү жолдору, ошондой эле ата мекендик сот тутумунун иштеши маселелери козголду. Мындан тышкары, мыйзамда конституциялык өндүрүш жол-жобосу каралган Конституциялык соттун компетенциясы жөнүндө маселелер чагылдырылды, ошондой эле каралган иштердин мисалдары келтирилди. Кесиптин өзгөчөлүктөрүн ачуу максатында юристтер, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялык кызматындагы өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чарага Магистрдик программаларынын студенттери жана Дипломатиялык академиянын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун тарыхына жана ишине аудиториянын кызыгуусун магистранттар жана окутуучулар көп сандаган суроолорду беришкендиги тастыктап турат, аларга кеңири жоопторду алышты.

kg_KGКыргызча