ТИМдин Дипломатиялык академиясы

Кыргыз Республикасынын К. Дикамбаев атындагы

2022-жылдын 25-октябрында КР ТИМ Дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган конференция болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучулары РКнын КРдагы элчилиги жана КР ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы болушту.
Иш-чаранын уюштуруучулары РКнын КРдагы элчилиги жана КР ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы болушту. Иш-чаранын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылышты: КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.У. Адамкулова, РКнын мурдагы тышкы иштер министри Т. С. Сулейменов, КР ПА тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы М.А. Азымбакиев, КР Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Н.С. Ниязалиев, РК КРдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Р. С. Жошыбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты К. К. Сулайманов, депутаттык достук тобунун жетекчиси жана Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Е. В. Тукумов.
Конференциянын алкагында эки панелдик талкуу болду.
"Казакстан жана Кыргызстан: тарыхый жакшы коңшулук жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк" биринчи сессиясында.
Экинчи талкуу панелинде "Эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун келечектүү тенденциялары: чакырыктар жана тобокелдиктер"
Конференциянын ишине коомдук-саясий ишмерлер; КР Жогорку Кеңешинин, КР СИУИ, Казакстандын КРдагы Ардактуу консулдары, эксперттик жана бизнес - коомдоштуктардын өкүлдөрү, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, Дипломатиялык академиянын студенттери катышты.
Конференция иш-чаранын катышуучуларын сыйлоо аземи менен аяктады.

kg_KGКыргызча