ТИМдин Дипломатиялык академиясы

Кыргыз Республикасынын К. Дикамбаев атындагы

2022-жылдын 24-ноябрында КР ТИМ Дипломатиялык академиясында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат, саясат таануучу, профессор Ишенбай Абдуразаковдун 85 жылдыгына арналган “Улуу дипломат жана Япониянын улуу досу” тегерек столу болуп өттү.

Иш-чараны КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы, «Инсанат» коомдук фонду жана Ишенбай Абдуразаковдун үй-бүлөсү уюштурду.
Жолугушууда куттуктоо сөздөрү менен: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мадмаров Азизбек Маматович, ректор, э.и.д. , профессор Адамкулова Чинара Усенбековна, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года сөз сүйлөштү.
Иш-чарага аны жакындан тааныган коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, достору жана санаалаштары чакырылып, И.Абдуразаковдун дипломат болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, азыркы Кыргызстандын тарыхында калтырган изин баса белгилешти. жаркын өмүр жолу, элине кызмат кылып, 2014-жылы дүйнөдөн кайткан Ишенбай Абдуразаков өз артынан бай руханий мурас калтырган.
1996-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын статс-катчысы болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин коомдук-педагогикалык иштерге активдүү катышкан. Элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн 2007-жылы “Данакер” ордени жана 2008-жылы чет элдик жарандар үчүн Япониянын жогорку мамлекеттик ордени – “Улуу лентадагы Күн чыгышы” ордени менен сыйланган. Абдуразаков дипломатиялык ишмердигин 1971-жылы СССРдин Япониядагы элчилигинин 3-катчысы болуп баштап, 1991-94-жылдары СССРдин Япониядагы Саппоро шаарындагы Башкы консулунун деңгээлине чейин көтөрүлгөн. 1996-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп иштеген. Кызматтан чыккандан кийин коомдук-педагогикалык иштерге активдүү катышкан. Элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн 2007-жылы “Данакер” ордени жана 2008-жылы чет элдик жарандар үчүн Япониянын жогорку мамлекеттик ордени – “Улуу лентадагы Күн чыгышы” ордени менен сыйланган.

kg_KGКыргызча