ТИМдин Дипломатиялык академиясы

Кыргыз Республикасынын К. Дикамбаев атындагы

2022 – жылдын 23-сентябрында КР ТИМ Дипломатиялык академиясында 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Кыргыз тили-улутубуздун сыймыгы” аттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Дипломатиялык академиянын кызматкерлери, окутуучулары жана студенттери катышты.  


Жолугушуунун катышуучуларына КР ТИМ Дипакадемиянын ректору, профессор Ч.У.Адамкулова, “Мамлекеттик тил жана чет тилдер кафедрасынын башчысы Р.С.Джумалиева, “Данакер лингво” маданий-илимий коомунун жетекчиси”, журналист К.Б. Исмаилова куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты. “Данакер лингво” маданий-илимий коомунун мүчөлөрү Н. Камчыбеков менен Б. Догдурбекова куттуктоолору менен бирге өздөрү жазган ырларын көркөм окуп беришти.

Иш-чаранын максаты- студенттердин арасында кыргыз тилдин баалуулугун, улутубуздун жан дили, сыймыгы, руханий байлыгы, муундан –муунга, урпактарга ыйык керез катары өткөн эне тилди кадырлоо.

Студенттер майрамга арнаган куттуктоо видеотасмаларын, көркөм окууларын, комуз күүлөрүн жана ырларын тартуулашты.

kg_KGКыргызча