Жолугушууга, ошондой эле РФ ТИМдин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасы Константин Колпаков, РФ ТИМ КМШ өлкөлөрүнүнүн Үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник ж.б. катышты.




Иш-чаралардын программасына жаштар уюмдарынын ортосундагы кызматташтык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча катышуучулардын сүйлөшүүлөрү, талкуулар, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына жана Россиянын тышкы иштер министрлигинин музейине экскурсияга баруу кирди.