Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Кытайды изилдөө боюнча талдоо борборунун (КИТБ) ачылыш аземи жана борборду жабдуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан берилген техникалык жабдууларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу аземи болуп өттү.

Кытайды изилдөө боюнча талдоо борборунун ачылышына КЭРдин КРдагы Элчилигинин делегациясы К.Карасаев атындагы БМУнун алдындагы Конфуций институтунун өкүлдөрү, КР АЫУЭ, Дипломатиялык академиянын окутуучулары жана кызматкерлери, Кыргызстандын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору, э.и.д., профессор Чинара Адамкулованын жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвеньдин куттуктоо сөздөрү менен башталды.

Эдил Осмонбетов Кытайды изилдөө боюнча талдоо борбору тууралуу доклад менен чыгып сүйлөдү, ал КИТБнын ишмердүүлүгүнүн максаты аналитикалык продукциянын аудиториясына эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана чакырыктарын түшүнүү үчүн заманбап Кытайды өнүктүрүү жөнүндө текшерилген маалымат берүү экенин белгиледи.

Андан соң, иш-чаранын алкагында 309 бөлмөдө Кытайды изилдөө боюнча талдоо борбор үчүн техникалык жабдууларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына эки тараптуу кол коюлду.

Кытайды изилдөө боюнча талдоо борборунун ачылыш аземинин алкагында "кызыл тасманы" КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым кесишти.

kg_KGКыргызча