Кытайды изилдөө боюнча талдоо борборунун ачылышына КЭРдин КРдагы Элчилигинин делегациясы К.Карасаев атындагы БМУнун алдындагы Конфуций институтунун өкүлдөрү, КР АЫУЭ, Дипломатиялык академиянын окутуучулары жана кызматкерлери, Кыргызстандын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.
Иш-чара КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору, э.и.д., профессор Чинара Адамкулованын жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвеньдин куттуктоо сөздөрү менен башталды.
Эдил Осмонбетов Кытайды изилдөө боюнча талдоо борбору тууралуу доклад менен чыгып сүйлөдү, ал КИТБнын ишмердүүлүгүнүн максаты аналитикалык продукциянын аудиториясына эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана чакырыктарын түшүнүү үчүн заманбап Кытайды өнүктүрүү жөнүндө текшерилген маалымат берүү экенин белгиледи.
Андан соң, иш-чаранын алкагында 309 бөлмөдө Кытайды изилдөө боюнча талдоо борбор үчүн техникалык жабдууларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына эки тараптуу кол коюлду.
Кытайды изилдөө боюнча талдоо борборунун ачылыш аземинин алкагында "кызыл тасманы" КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым кесишти.


















