Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 18-мартында КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган ишембиликке катышты.

Ишембиликке келгендер тырмоо, күрөк жана шыпыргы менен куралданып, Дипломатиялык академиянын айланасын таштандыдан, былтыркы жалбырактардан жана чөптөн тазалашты. Ишембиликтерди өткөрүү өз шаарыбызды сүйүүгө жана башка адамдардын эмгегин сыйлоого үйрөтөт. Ошондуктан, КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын салттарынын бири, ишембиликтерге катышуу болуп калды.

kg_KGКыргызча