Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 18-майында КР ТИМ К.Дикамбаев атындагы Дипкакдемиясынын Окумуштуулар кеңеши дипломатиялык кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн академиянын мурдагы окутуучусу, генерал-майор, Франция Республикасынын Командору Жорж Кютленге “Ардактуу профессор” наамын ыйгарууну бир добуштан чечти.

Маараке менен куттуктайбыз! Кыргыз жана Франция Республикаларынын достугу бекемделсин жана өнүгө берсин!

Ушул эле отурумда Дипломатиялык академияны жана билим берүү, илим жана дипломатиялык кадрларды даярдоо жаатындагы Кыргыз-Кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасындагы КЭР АЫУЭ Ду Дэвэнь айымдын Ардактуу профессорлугуна талапкерлиги каралды. Академиянын Окумуштуулар кеңеши тиешелүү өтүнүч менен КР ТИМге кайрылган.

Учурда Дипакадемиянын Ардактуу профессорлору болуп улуу кыргыз жазуучусу жана дүйнө жүзүнө таанымал дипломат Чынгыз Айтматов, КР биринчи Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев жана РФ Тышкы иштер министри Сергей Лавров саналат.

kg_KGКыргызча