Ишембиликке келгендер тырмоо, күрөк жана шыпыргы менен куралданып, Дипломатиялык академиянын айланасын таштандыдан, былтыркы жалбырактардан жана чөптөн тазалашты. Ишембиликтерди өткөрүү өз шаарыбызды сүйүүгө жана башка адамдардын эмгегин сыйлоого үйрөтөт. Ошондуктан, КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын салттарынын бири, ишембиликтерге катышуу болуп калды.





