Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023-жылдын 16-мартында Дипломатиялык академияда Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттерине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн "Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгы"темасындагы конок лекциясы болуп өттү.

Дипломатиялык академиянын ректору Чинара Адамкулова катышуучуларга саламдашуу сөзү менен кайрылды, андан кийин КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө заманбап геосаясий шарттарда тышкы саясий маселелерди чечүүдө Тышкы иштер министрлигинин көп кырдуу ролун баса белгиледи. Ал дипломаттар студенттердин аудиториясына келип, кызыктуу кесиптин реалдуулуктарына багыт алышы үчүн, тышкы саясат бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берүү, студенттер үчүн бул татаал, бирок ушундай абдан маанилүү экенин белгиледи.

Иш-чаранын модератору Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи Эрик Бейшембиев болду.

Студенттердин алдында Биринчи Саясий департаментинин директору Абдрахманов Нурлан, Үчүнчү Саясий департаментинин директору Данияров Улан, Мамлекеттик протокол департаментинин директору Уметалиев Арсланбек, Төртүнчү Саясий департаментинин директору Тентимишев Максат, Экинчи Саясий департаментинин директорунун орун басары Кубанычбек Алтынай, Үчүнчү Саясий департаментинин директорунун орун басары Рыскулов Асхат, Үчүнчү Саясий департаментинин Америка жана Түркия бөлүмүнүн башчысы Акаев Айбек, ЭМД директорунун орун басары Данияров Улан, Экономикалык дипломатия департаментинин кеңешчиси Абдыжапарова Бубуйра, КР ТИМ Үчүнчү Саясий департаментинин эксперти Касымалиева Жаңыл чыгып сүйлөштү. Өз сөзүндө чыгып сүйлөгөндөр өз департаментинин ишинин багыттарын чагылдырышты, дипломатиялык иштин өзгөчөлүгүнө көңүл бурушту, өз кесибинин сырлары

менен бөлүштү.

Угуучулар катары КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын, Кыргызстандын КЭАУ жана И. Арабаев атындагы КМУнун, Б. Ельцин атындагы КРСУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, "Ала-Тоо" МУнун, "Манас" КТУнун, ОшМУнун, УМУнун студенттери болушту.

Конок лекцияда берилген маалымат абдан пайдалуу жана билимдүү экени белгиленди. Лекторлор да, студенттер да мындай жолугушуулар зарыл жана пайдалуу экенин билдиришти. Конок лекциясынын аягында студенттер кызыктырган суроолорун беришти, аларга КР ТИМ өкүлдөрү толук жооп берүүгө аракет кылышты.

kg_KGКыргызча