
Иш-чара Дипломатиялык академиянын Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасы жана Дипломатиялык академиянын араб тилин үйрөнүп жаткан 1, 2-, 3-курстарынын студенттери тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Сауд Арабиянын элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырза жана Катар мамлекетинин элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти мырза катышты.
Иш-чаранын ачылышын К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору Чинара Адамкулова, Сауд Арабиянын элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырза жана Катар мамлекетинин элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти мырза куттуктоо сөздөрү менен ачышты.
Ар бири өз сөздөрүндө КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында араб тилин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн жана саясат таануучулар менен дипломаттар үчүн Жакынкы Чыгыштын маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чарага Академиянын профессордук-окутуучулук курамы, чакырылган элчиликтердин өкүлдөрү, ошондой эле академиянын студенттери катышты.
Иш-чарада окуучулар араб тили, араб маданияты боюнча билимдерин даана көрсөтүп, сынактар уюштурулуп, араб тилиндеги музыкалык номерлер тартууланды.








