Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

2023- жылдын 13- февралында Кыргыз Республикасынын ТИМнин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Ч.Адамкулова КР ТИМ Дипломатиялык академиясы менен Венгриянын эң ири университети-Этвош Лоранд университетинин ортосундагы кызматташтыгы жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында, Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлорунан делегациянын курамындагы Кыргыз Республикасынын ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу иш-чараларга катышты

kg_KGКыргызча