Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

16 өлкөнү каптаган жер титирөө көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана ири кыйроолорго алып келген Түркия менен Сирияда болгон трагедия Кыргызстанда эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда түрк элине колдоо көрсөтүү зарылдыгы каралып, бир күндүк эмгек акысын жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам фондуна которуу жолу менен материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн акча каражаттарын топтоо эсебине 77 280 миң сом которулду.

КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын студенттери өз кезегинде жашоо каражатсыз калган жана баштарынын үстүндө чатыры жок жабыр тарткан адамдар үчүн кийимдер жана керектүү буюмдар гуманитардык жардам чогултууну уюштурушту.

КР ТИМ Дипломатиялык академиясы Түрк элине жана бардык сириялыктарга болгон трагедияга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биздин университеттин бүт жамааты сиздер менен кошо кайгырууда. Жер титирөө учурунда бардык жабыркагандарга тезирээк сакайып кетишин каалайбыз!

kg_KGКыргызча