Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

Адамкулова Чинара Усенбековна​

Экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору

Өмүр баяны

1957-жылы 14-августта Фрунзе шаарында туулган.

  1. 1979-жылы   Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин “Өнөр жайды пландаштыруу” адистигин бүтүргөн.
  2. 1980-жылдан тартып Г.В. Плеханов атындагы Москва эл чарба институтунун аспирантурасында “Эл чарбасын пландаштыруу” адистиги боюнча окуган.
  3. 1983-жылы экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын жактаган.
  4. 1983-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик пландоонун Эсептөө борборуна бөлүм башчы болуп жөнөтүлгөн.
  5. 1984-жылы Ч.У. Адамкуловага доцент илимий наамы ыйгарылган.
  6. 1985-97-жылдары КМУнун эсеп-экономика факультетинин статистика жана менеджмент кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, кафедра башчысы кызматтарын аркалаган.
  7. 1996-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун (КЕФ ИИМОП) Кыргыз-Европа факультетинин доценти болуп иштеген.
  8. 1997-жылы ЭАББПИИ КЭФтин деканынын орун басары болуп дайындалган.
  9. 1998-жылдан бери ЭАББПИИ КЭФтин деканы болуп дайындалган.
  10. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалган.
  11. 2017-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз-Европа факультетинин Экономика жана менеджмент кафедрасы боюнча профессор илимий наамы ыйгарылган.
  12. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору болуп шайланган.
  13. 2017-жылдан бери «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын жарчысы» маалыматтык-аналитикалык журналынын башкы редактору.
  14. 2017-жылдан бери «Университеттик башкаруу: практика жана анализ» (Россия Федерациясы) журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү.
  15. 2018-жылы Ч.У. Адамкуловага экономика илимдеринин доктору деген илимий даража ыйгарылган.

Ч.У.Адамкулова Кыргызстандын билим берүүсүндөгү долбоордук кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп, ТЕМРУС, ERASMUS+ ж. б. программалардын алкагында долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.

Учурда «Мамилелер абалын талдоо: Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги» долбоорунун жетекчиси.

Квалификациясын системалуу түрдө жогорулатат:

Илимий-изилдөө иштери менен активдүү алектенет жана студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын, докторанттардын илимий ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат. Ч.У. Адамкулованын 90дон ашык илимий эмгектери бар.

«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. Кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда француз маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн Франция Республикасынын Премьер-министри Ч.У.Адамкуловага «Академиялык пальма бутагынын орденинин кавалери» наамын ыйгарган.

 

Кыргыз жана орус тилдеринен тышкары англис жана француз тилдерин билет.

 

kg_KGКыргызча