Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова Түштүк Кореядагы ИНХА университетинде болду. Иш сапардын алкагында Түштүк Кореядагы алдыңкы 4 университеттин Фондунун президенти Dr. Hyun Jung Taik – Chairman, ИНХА университетинин президенти Dr. Cho Myeong Woo – President, ИНХА университетинин проректору Dr. Kim Woong Hee – Vice President, Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Dr. Han Seung Woo – Dean менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Дипломатиялык Академия үчүн квоталарды көбөйтүү, кызматташуу программаларын кеңейтүү, компьютердик коопсуздук боюнча адистерди биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашылды. ИНХА университетинде корей тилинде окугандыктан, Дипломатиялык академияда корей тили курстарын ачуу сунушталды, ошондо студенттер үйдөн корей тилин үйрөнө башташат жана андан кийин магистратурада ийгиликтүү окуй алышат.

ИНХА университети-Инчхон шаарында жайгашкан жеке илимий-изилдөө жана окуу жайы. Түштүк Кореянын эң маанилүү жана популярдуу университеттеринин рейтингинде алдыңкы он университеттин катарына кирет. КР ТИМ Дипломатиялык академиясы жана ИНХА университети кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту, макулдашуунун алкагында жыл сайын эки студент ИНХА университетине окууга жиберилет.

kg_KGКыргызча