Урматтуу кесиптештер, Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

05-10-2023
05 Comments 33K Views

Ар бир адамдын тагдыры билим дүйнөсүнө жол ачкан, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшкөн, жашоого багыт берген мугалим, акылман насаатчы менен байланыштуу. Жаш муундардын маданияты, адеп-ахлактык негиздери жана руханий баалуулуктары көбүнесе педагогдорго көз каранды.
Мугалим болуу оңой кесип эмес, ал адамдан бардык күчүн жана жөндөмүн, туруктуу өзүн-өзү өркүндөтүүнү жана эбегейсиз чыдамдуулукту талап кылат, ошондуктан мугалимдердин эмгеги чын жүрөктөн таанылууга жана чын жүрөктөн ыраазычылыкка татыктуу.
Сиздердин эмгегиңиздер менен Кыргызстандын дипломатиялык кызматына, илимине, билимине жана маданиятына олуттуу таасир тийгизген интеллектуалдык элитанын бөлүгү тарбияланууда.
Ар бириңиздер үчүн кесиптик чеберчиликтин жаңы мейкиндиктери ачылып, мамлекетибиздин илим жана билим берүү тармагындагы салымыңыздар ишке ашып, бийиктей берсин!
Бүгүнкү Эл аралык мугалимдер күнүндө, сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.

Ректорат

EN