Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, 2017-жылдын 4-17-июлунда КР ТИМдеги 18 (он сегиз) административдик-мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алууну жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, 2017-жылдын 4-17-июлунда КР ТИМдеги 18 (он сегиз) административдик-мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алууну жүргүздү.

Талапкерлердин документтеринин жогорку көрсөтүлгөн кызмат орундарынын квалификациялык талаптарына ылайыктуулугун карап чыгуунун натыйжасында, кийинки этапка – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын тестирлөө Борборунан негизги жана предметтик компьтердик тестирлөөдөн өтүүгө 540 конкурсант кое берилди.

Министрлик КР Мамлекеттик кадрлар кызматында компьютердик тестирлөөдөн, ошондой эле чет тилдери боюнча (англис, араб, кытай, немец, түрк, француз, перс, өзбек жана япон) тестирлөөдөн өтүүнүн графиги тууралуу кошумча билдирет.

Министрлик бардык конкурсанттарды конкурстун өтүү этаптары тууралуу КР ТИМдин: www.mfa.gov.kg КР ТИМдин облустардагы (Баткен, Ош, Жалал-Абад) Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн: http://mfa-osh.kg жана КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын http://dipacademy.kg расмий сайттарынан дайыма карап турууну өтүнөт.